Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар
                                        
                                        
                                        
                                        
                                        
                                        
                                        
                                        
                                        
                                        2025-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында өткөн “Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар” (https://alti2025.auca.kg/ru) конференциясына ЭАЖММдин илимий китепканасынын башчысы М.К.Джаилканова жана китепканачысы Осмоналиева К.А. катышышты. Бул конференциянын негизги уюштуруучусу болгон Борбордук Азиядагы Америка Университетинин (БААУ) илимий китепканасы болду.
“Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар” конференциясына Бахрейн, Болгария, Босния жана Герцеговина, Бразилия, Улуу Британия, Казакстан, Канада, Кытай, Кыргызстан, Индия, Оман, БАЭ, Сауд Арабиясы, Сингапур, АКШ, Өзбекстан, Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдөн 100дөн ашык китепканачылар жана маалымат боюнча адистери катышты.
Конференциянын катышуучулары тенденцияларды жана электрондук ресурстардын жана кызматтардын абалын, ачык жеткиликтүүлүк жана илимий коммуникацияларды талкуулашты. Келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө менен академиялык китепканалардагы трансформациялык лидерлик жана өзгөртүү агенттери катары китепкана адистеринин ролу боюнча пикир алмашышты, ошондой эле инновацияларды илгерилетүү, кызматташтыкты өнүктүрүү жана институттук лидерликти алдыга жылдыруу аркылуу стратегияларды карашты.
«Ачык илим жана илимий байланыш» секциясында М.К. Джаилканова «Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин китепканасы санариптик трансформациялоо контекстинде: жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу темада баяндама жасады. Бул ЭАЖММдин илимий китепканасы өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты мынчалык жогорку эл аралык китепканалык жана маалыматтык билим берүү деңгээлинде биринчи жолу көрсөттү.
“Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар 2025” конференциясы учурдагы тенденцияларды жана мыкты тажрыйбаларды талкуулоо, ошондой эле Борбордук Азиядагы китепкана жамааттары менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган инновацияларды алдыга жылдыруу үчүн аянтча болду.
Эки күндүк конференцияда ошондой эле үзгүлтүксүз диалогго, кызматташууга жана профессионалдык тажрыйба алмашууга, ошондой эле кыргыз китепканачылары менен алардын эл аралык кесиптештеринин ортосунда жаңы өнөктөштүктү орнотууга көмөктөшкөн көптөгөн расмий эмес жолугушуулар болду.
Конференция тууралуу кененирээк маалымат, ошондой эле сүрөттөр жана видеолор БААУнун санарип репозиторийинде жеткиликтүү (https://www.auca.kg/en/auca_news/6662/).