ISM

Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү

Эл аралык жогорку Медицина Мектебинин Илимий китепканасы 23-сентябрь - Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнүнө арналган көргөзмө уюштурду. Көргөзмөдө окуу-методикалык колдонмолор, энциклопедиялар жана сөздүктөр, илимий-популярдуу жана көркөм китептер, студенттер менен мугалимдердин окуу, билим берүү жана күнүмдүк турмушунда кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүү үчүн журналдардын жана гезиттердин басылмалары коюлган.

Көргөзмөдө көрүнүктүү орунду төмөнкүлөр ээлейт:

- окуу куралдары «Кыргызча суйлөшөбуз» жана «Мамлекеттик тилди билүү денгээлине коюлган талаптар» (А1 жана А2 деңгээли) кыргыз жана англис тилдеринде Кыргызтестке даярдануу;

- кыргыз жана англис тилдеринде «Менин мекеним – Кыргызстан» деген ат менен бириктирилген окуу куралдары, алар төмөнкү серияларды камтыйт: Коомдук ишмерлер; Кыргызстандын баатырлары; Кыргызстандын жазуучулары; Сүрөтчүлөр; Тарыхый жана жаратылыш эстеликтери; Улуттук салттар жана оюндар; Эпос Манас жана Манасчы.

Өзгөчө орунду кыргыз, орус жана англис тилдериндеги «Manas» эпосунун басылмалары, ошондой эле кыргыз, орус жана башка элдердин жазуучуларынын кыргыз тилиндеги көркөм чыгармалары ээлейт.

Көргөзмөдө ошондой эле «Кыргызстан» энциклопедиясынын 8 тому, кыргыз-орус, орус-кыргыз жана кыргыз-индия тилдеринин 10 сөздүгү, Кыргызстандын биологиясы, медицинасы жана административдик, аймактык жана географиялык объектилери боюнча терминдер жана аталыштар коюлган.