ISM

Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу: Ысык-Көл 2024

2024-жылдын 1-октябрында М.К. Джаилканова, ЭАЖММнин илимий китепканасынын жетекчиси И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында өткөн “Китепканалар жана коомду демократиялаштыруу: Ысык-Көл-2024” 22-Эл аралык сессиясынын пленардык жыйынына катышты.

Быйылкы жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятын жана билимин инновациялык өнүктүрүүдө китепканалардын ролу” темасына арналган бул конференцияны Электрондук китепканалар ассоциациясы биргелешип уюштуруп, К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын 70 жылдыгына арналган.

Конференциянын пленардык заседаниелеринде төмөнкү темалар боюнча докладдар жана баяндамалар угулду:

Санарип форматындагы китепкана долбоорлору;

  • Китепкана мейкиндигине китеп басып чыгарууну жана таратууну интеграциялоо;
  • Кызыгууну өнүктүрүү - интеллектуалдык менчик тармагында ишке орношуу;
  • Маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект доорундагы китепкана кызматкерлеринин компетенттүүлүгү;
  • Китепкананын экосистемасы. Заманбап окуу маданиятын жана маалыматтык-китепкана кызматын өнүктүрүү.

ЭАЖММнин илимий китепканасынын жетекчиси катышты, анын жыйынтыгында төмөндөгү маселелер талкууланды.

- ИВИС ЖЧКсынын башкы директору А.М. Тривайло (Москва, Россия) ИВИС мезгилдүү басылмаларына жазылууда АЕБге мүчө китепканалар үчүн бонустарды берүүнү талкуулады;

- БААУ китепканасынын директору Ж.А. Бекбалаева Cambridge Journals Online электрондук ресурстарына эркин кирүү маселесин талкуулады.